Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-апрели № 7
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында волейбол оюну боюнча турнирге оюнчуларды алып баруу үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын жаштар комитетинин төрагасы М.Дербишевдин 2019-жылдын 27-апрель күнү Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында волейбол оюну боюнча мелдешке оюнчуларды алып баруу максатында жол чыгымдарын төлөп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында 2019-жылдын 27-апрель күнү волейбол оюну боюнча мелдешке оюнчуларды алып баруу максатында жол чыгымдарын төлөп берүү үчүн 8000 (сегиз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |