Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-апрели № 8
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары : Сайкал Насирдинованын, Алимкан Орозалиеванын, Байгазиева Анипанын, Ашырбаева Жумагулдун небереси Асанова Мээримайдын, Марат кызы Динаранын кызынын, Сонун Турдубаеванын ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары : Сайкал Насирдиновага 10 000 (он миң) сом, Алимкан Орозалиевага 15 000 (он беш миң) , Байгазиева Анипага 15 000 (он беш миң) сом , Ашырбаева Жумагулдун небереси Асанова Мээримайга 20 000 (жыйырма миң) сом, Марат кызы Динаранын кызына 45 000 (кырк беш миң) сом, Сонун Турдубаевага 5000 (беш миң) сом акча каражаттары ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу дарылануу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |