Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-апрели № 9
Терек-Сай айыл аймагында селканалардын арыктарын тазалоо жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарында жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо, ар кандай түрдөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында селканалардын ичин тазалоо үчүн күйүүчү май алуу жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарында жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо, ар кандай өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында селканалардын ичин тазалоо үчүн 2019-жылдын соц.пакеттин эсебинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |