Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-апрели № 10
Терек-Сай айыл аймагында 2019-жылдын 1-январына калган калдыкты бөлүштүрүү боюнча КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 1-январына ишетилбей калган калдыктын эсебинен 701 разделинин 2215 беренесине 183,0 миң сом, 2221 беренесине 25,0 миң сом жана 2222 беренесине 35,0 мин сом,3111 беренесине 176,0 миң сом, 70821 разделинин 2221 беренесине 13,6 миң, ал эми 70911 раздели 2222 беренесине 280,0 миң сом, бардыгы болуп, 712,6 миң сом акча каражаты № 1 тиркемеге ылайык бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айылдык аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |