Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-майы № 2
Терек-Сай айылдык аймагынын 2019-жылдын 1-майына карата электр энергиясын болгон карызын тындыруу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБнүн башчысы Т.Суванованын айыл аймактын 2019-жылдын 1-майына карата электр энергиясын болгон карызын тындыруу жөнүндөгү билидрүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын 2019-жылдын 1-майына карата электр энергиясын болгон карызын тындыруу үчүн 192 000 (жүз токсон эки миң) сом акча каражаты атайын каражаттар эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |