Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-майы № 3
Терек-Сай айылдык аймагына арпа үрөнүн эгүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин төрагасы К.Осмоновдун арпа үрөнүн себүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү билидрүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына арпа үрөнүн себип жыйноо үчүн 134 000 (жүз отуз төрт миң) сом акча каражаты 2019-жылдын соц.пакеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |