Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-майы № 4
Терек-Сай айылдык аймагында “Энелер күнүн” өткөрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин айыл аймакта “Энелер күнүн” жогорку денгээлде өткөрүү максатында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү билидрүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагында “Энелер күнүн” жогорку денгээлде өткөрүү максатында иш-чараларды уюштуруу жана баалуу белектерди алуу үчүн 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |