Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-майы № 6
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБнүн башчысы Т.Суванованын Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарын жарыктандыруу максатында көчө чырактарын жана электр чубалгыларын көзөмөлдөөчү технадзорго кызмат акысын төлөп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарын көчөлөрүн жарыктандыруу максатында көчө жарыктарын жана электр чубалгыларын көзөмөлдөөчү технадзорго 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |