Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-майы № 7
Кызыл-Токой айылындагы селканаларды жана арыктарды тазалоо жөнүндө
Кызыл-Токой айылынын башчысы М.Аширбековдун Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында табигый техногендик жана ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу, калктын өмүрүн коргоо максатында селканаларды жана арыктарды тазалоо жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында табигый техногендик жана ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу, калктын өмүрүн коргоо максатында селканаларды жана арыктарды тазалоо үчүн 61 000 (алтымыш бир миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |