Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы № 1
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Май-Таш учаткасындагы Беккари чункуруна АПУ алуу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын айыл аймакка караштуу Май – Таш участкасындагы Бекарри чункуруна АПУ алуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Май-Таш участкасындагы Бекарри чункуруна Чаткал райондук архитектура бөлүмүнөн АПУ алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 24 450 (жыйырма төрт миң төрт жүз элүү сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |