Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы № 3
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Рустамова Гулмиранын күйөөсү Балтагулова Бакыттын жана Малайбеков Маралдын атасы Малайбеков Умаралынын, Дуйшобаева Аннанын, Жаркулов Чолпонбайдын, Джапарова Нарбүнүн ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Рустамова Гулмиранын күйөөсү Балтагулов Бакытка 40 000 (кырк миң) жана Малайбеков Маралдын атасына 25 000 (жыйырма беш миң) сом, Дуйшобаева Аннанын кызына 15 000 (он беш миң) сом , Жаркулов Чолпонбайга 5000 сом, Джапарова Нарбүгө 10 000 (он миң) сом акча каражаттары ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу дарылануу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |