Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы № 5
“Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имаратынын курулуш иштерин көзөмөлдөөчү технадзорго эмгек акы төлөө жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Т.Суванованын Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы курулуп жаткан имаратынын курулуш иштерин көзөмөлдөөчү технадзорго 0,1 % айлык акы төлөө жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы курулуп жаткан имаратынын курулуш иштерин көзөмөлдөөчү технанадзордун эмгек акысын төлөө үчүн 110 000 (жүз он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |