Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы № 6
Эшалы Болуш көчөсүндөгү спорт залга спорт инвентарларын алуу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы Болуш көчөсүдө жайгашкан спорт залдын тренери Ж.Ташболотовдун балдарды машыктырууда жана жаштарды спортко кызыктырууда жетпей жаткан спорт инвентарларын алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын өспүрүмдөрүнүн ден соолугун чындоо, эмгекке жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында жаш өспүрүмдөрдүн машыгууда жетпей жаткан спорт инвентарларын алуу жана шарт түзүү үчүн берүү үчүн 91 000 (токсон бир мин) сом акча каражаты 2019-жылдын соц.пакеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |