Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы № 7
“1-июнь- Балдар коргоо күнүн” белгилөө жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Т.Суванованын айыл аймакта “1-июнь- Балдарды коргоо күнүнө” карата мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланып жаткан жаш жеткинчектерге белектерди алуу жана майрамдык иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү максатында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыыдык аймагында “1-июнь- Балдарды коргоо” күнүнө карата жаш өсүрүмдөргө белектерди алуу үчүн 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |