Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы № 9
Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин дарбазасын алмаштыруу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору О.Д.Исаковдун мектептин дарбазасын жана желектерди алмаштыруу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин дарбазасын жана желектерди алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 36 415 (отуз алты миң төрт жүз он беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |