Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы № 10
Кызыл-Токой айылына таштанды таштоочу жайларды казуу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Нарматов Дөөлөттүн айылга таштанды таштоочу жайларды кайрадан казуу жана иретке келтирүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына таштанды таштоочу жайларды кайрадан казуу жана иретке келтирүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 8000 (сегиз миң) сом акча каражаты “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |