Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы № 11
Центральная көчөсүндөгү суу алуучу жайды оңдөп түзөө жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Центральная көчөсүндөгү суу алуучу жайды оңдөп түзөө максатында курулуш материалдарды алып берүү жөнүндөгү Терек-Сай айылынын тургуну А.Ажыбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Центральная көчөсүндөгү суу алуучу жайды оңдөп түзөө максатында курулуш материалдарды алып берүү үчүн 5000 (беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |