Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы № 13
Өз ара жадамдашуу тобуна идиш-аяктарды алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын өз ара жардамдашуу тобунун жетекчиси Кундуз Качикееванын “тез татым” ашканасына керектелүүчү ашкана буюмдарын алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагында аялдар арасында ишмердүүлүктү күчөтүү, жумушсуздукту жоюу жана колдоо көрсөтүү максатында аялдар арасында уюшулган өз ара жардамдашуу тобуна керектелүүчү идиш-аяктарды сатып алуу үчүн 25 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |