Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну № 1
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Турдалиев көчөсүндөгү эски магазинди бузуп, жаны, заманбап бизнес-инкубатор куруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Турдалиев көчөсүндөгү эски магазинди бузуп, жаны, заманбап бизнес-инкубатор куруу жөнүндө айыл аймактын башчысы Б.Ашырбаевдин “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун жетекчилиги менен айыл аймакка түшүүчү соц.пакеттин эсебинен курулушун куруп берүү жөнүндөгу макулдашуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Турдалиев көчөсүндөгү эски магазинди бузуп,ордуна жаны, заманбап үлгүдөгү бизнес-инкубаторду айыл аймакка түшүүчү соц.пакеттин эсебинен курулуш иштерин жүргүзүү “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКнун жетекчилигине милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.Смановго жана ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |