Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну № 4
Терек-Сай айыл аймагына караштуу № 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мекемесине суу түтүкчөлөрүн киргизүү, раковиналарды орнотуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Р.Ташбаеванын санэпидем көзөмөлүнүн талаптарына ылайык оорууканага суу түтүкчөлөрүн киргизүү, раковиналарды орнотуу керектиги жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун оорууканасына суу түтүкчөлөрүн киргизүү, раковиналарды орнотуу үчүн 103 905 ( бир жүз үч мин тогуз жүз беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |