Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну № 5
Аксы районуна караштуу Падыша – Ата айылына волейбол оюнуна баруучу спортсмендерге акча каржатын бөлүп берүү жөнүндө
Жаштар комитетинин жетекчиси М.Дербишевдин Аксы районуна караштуу Падыша – Ата айылына волейбол оюнуна баруучу спортсмендерге акча каржатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын спортсмендерине Аксы районуна караштуу Падыша-Ата айылына волейбол оюнуна барып келүү үчүн 5 00(беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |