Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну № 7
Жалал-Абад шаарында өтүүчү Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин жаркын элесине арналган турнирге баруучу балдарга сапар чыгымдарын төлөп берүү жөнүндө
Ак-Терек айылындагы күрөш залынын тренери Д.Исмановдун Жалал-Абад шаарында өтүүчү Советтер Союзунун Баатыры Т.Тайгараевдин жаркын элесине арналган турнирге катышуу үчүн балдардын сапар чыгымдарын төлөп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарында өтүүчү Советтер Союзунун Баатыры Т.Тайгараевдин жаркын элесине арналган турнирге катышуу үчүн спортсмен балдардын сапар чыгымдарын төлөп берүү максатында 5 000 (беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |