Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну № 8
Терек-Сай айыл аймагынын муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамын жогорку денгээлде өткөрүү максатында акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын аппарат кызматкерлеринин кесиптик майрамын жогорку денгээлде өткөрүү үчүн 20 000(жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |