Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну № 9
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин депутаттарынын Жогорку Кенештин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу үчүн барып келүүгө жол чыгымдарына акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин төрагасы И.Ажакматовдун Жогорку Кенештин депутаттарынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу үчүн барып келүү сапар чыгымдарын “Эти Бакыр Терексай “ ЖЧКнун жетекчилигинен демөөрчүлүк жардам көрсөтүүсүн сурануу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин депутаттарынын Жогорку Кенештин депутаттарынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу үчүн барып келүү сапар чыгымдарын “Эти Бакыр Терексай”ЖЧКму тарабынан 50 000 ( элүү мин) сом акча каражаты соц.пакеттин эсебинен демөөрчүлүк жардам катары бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |