Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну № 10
“Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына жол жана суу жээктерин ондоп-түзөө жумуштарын аткаруу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
“Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына жол жана суу жээктерин ондоп-түзөө жумуштарын аткаруу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына жол жана сууу жээктерин ондоп-түзөө, бекемдөө жумуштарына 15 000(он беш мин) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |