Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну № 11
“Тазалык Терек-Сай” муниципалдык ишканасынын жол жана суу жээктерин оңдоп түзөө жумуштарын аткаруу жөнүндө
“Тазалык Терек-Сай” муниципалдык ишканасынын жол жана суу жээктерин оңдоп түзөө жумуштарын аткаруу үчүн акча каржатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Тазалык Терек-Сай” муниципалдык ишканасынын жол жана суу жээктерин оңдоп түзөө жумуштарын аткаруу үчүн 23 000 (жыйырма үч мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |