Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-июну № 2
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуучулардын билиим сапатынын деңгээлин көтөрүү максатында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуучулардын билим сапатынын төмөн болуп, окуучулардын кызыгуусун арттыруу максатында айылдык Кеңештин депутаттарынын пикирлерин талкуулап , Жергиликтүү Кеңешинин VІІІ чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу билим берүү мекемелеринде окуучулардын билим деңгэлин көтөрүү максатында 2018-2019ж.ж жыйынтыгы менен жалпы республикалык тестирлөөдөн алган жогорку көрсөткүчтөгү балдары үчүн бюджеттин эсебинен 264,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин:
2. Бул токтомдун аткарлышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |