Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июлу № 1
Кызыл-Токой айылына бейчеки ташталган таштандыларга тыюу салуу жөнүндө тактайчаларга (табличкага) жаздыруу жөнүндө
Кызыл-Токой айылында бейчеки ташталган таштандыларга тыюу салуу жөнүндө тактайчага(табличкага) эскертүүчү сөздөрдү жаздырып, 12 жерге тактайчаларды орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл башчы Д.Нарматовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Токой айылында таштандыларды бейчеки жерлерге таштабоо жөнүндөгү эскертүүчү тактайчаларды жаздырып, илдирүү үчүн 6 000 (алты мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |