Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июлу № 2
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы айылдык маданият үйүнүн чатырчасын алмаштыруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын айылдык маданият үйүнүн жетекчиси Т.Баймырзаевдин маданият үйүнүн чатырчасынан суу өтүп жаткандыгынан чатырчасын алмаштыруу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы маданият үйүнүн чатырчасын алмаштыруу үчүн 12 020 (он эки мин жыйырма ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |