Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июлу № 5
Терек-Сай айылында боло турган Чаткал районунун жаштары арасында өткөрүлүүчү “Ыр кесе ” спорттук оюндар айлампасына акча каржатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылында Чаткал районунун жаштары менен өткөрүлүүчү “Ыр кесе” спорттук оюндар айлампасын уюшкандыкта өткөрүү максатында акча каржатынан бөлүп берүү жөнүндөгү Терек-Сай жаштар комитетинин жетекчиси М.Дербишевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылында Чаткал районунун жаштары менен өткөрүлүүчү “Ыр кесе” спорттук оюндар айлампасын жогорку денгээлде өткөрүү үчүн 20 000(жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |