Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июлу № 4
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын окуучуларын ташууучу “Спринтер” автоунаасын ремонттоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
“Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Балтагуловдун “Спринтер “ автоунаасын ремонттоого керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Токой айылынын окуучуларын ташуучу “Спринтер” автоунаасын ремонттоого 16 550 ( он алты мин беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |