Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июлу № 7
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү (Терек-Сай, А.Чымканаев, Б.Камчыбеков) мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү (“Келечек”, “Ай-Нуру”, “Бүчүр”) мекемелерине электр энергиясын эсептөө үчүн счетчик койдурууга акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү (Терек-Сай, А.Чымканаев, Б.Камчыбеков) мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү (“Келечек”, “Ай-Нуру”, “Бүчүр”) мекемелерине электр энергиясын эсептөө үчүн счетчик койдурууга 120 000 (бир жүз жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |