Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июлу № 10
Терек-Сай айыл аймагынын борборуна 6 очколуу даараткана салуу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын Терек-Сай айылынын борборунда жашаган тургундардын даараткана салып берүү зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын борборунда жашаган тургундар үчүн төрт очколуу даараткана жана Мырзалиев көчөсүнүн тургундары үчүн эки очколуу даараткана салуу үчүн 144 000 (бир жүз кырк төрт мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |