Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-августу № 3
Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин борборлоштурулган жеке отканасына айбан (навес) куруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Р.Арзыматовдун борборлоштурулган жеке отканасына айбан (навес) куруу зарылчылыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек Сай айыл аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин борборлоштурулган жеке отканасына айбан (навес) куруу үчүн 135 090 (бир жүз отуз беш мин токсон ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ажакматов И. К. |