Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-августу № 4
Жаны окуу жылына карата кышкы даярдыктарды көрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Р.Арзыматовдун 2019-20-окуу жылынын кышкы мезгилине карата даярдык көрүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Б.Камчыбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кышкы мезгилге карата даярдык көрүү жумуштары үчүн 31 850 (отуз бир миң сегиз жүз элүү) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |