Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 1
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын 2019-жылынын баш оона айынын 05-деги № 1 буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Терек-Сай айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө материалдарын карап чыгып, Терек-Сай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдары бекитилсин.
2. Чаткал районун Терек-Сай айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдар жактырылсын.
3. Терек-Сай айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө боюнча материалдарын, райондун администрациясына бекитип берүүгө , киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2018-жылдын бирдин айынын 22-деги № 19 буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевге милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |