Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 2
“Алтын Май” ЖЧКоомунун “ Сарайсай” участкасындагычачыранды алтын кенин кайрадан иштетүү жөнүндө
“Алтын Май ” ЖЧКоомунун аткаруучу директору Д.А.Иманбековдун “ Сарайсай ” участкасындагы чачыранды алтын кенин кайрадан иштетүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап,Терек-Сай айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Алтын Май » ЖЧКоомуна Терек-Сай айыл аймагындагы “ Сарайсай ” участкасына1747 АЕ Лицензиясынын негизиндепайдаланылган жердеги чачыранды алтын кенин кайрадан иштетүүгө токойлор кыйылган жерге чейин гана уруксат берилсин.(тиркеме тиркелет). Лицензияда көрсөтүлгөн лицензиялык аянттын (82 гектардын) калган бөлүгү боюнча жергиликтүү тургундардын макулдугу менен коомдук угуунун жыйынтыгына ылайык иш алып барылсын.
2. Берилген жер аянтын бөлүп берүү жана тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармасынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |