Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 6
Терек-Сай айыл аймагына санарип теле берүүсүн ондоо, ремонттоо жумуштары үчүн айлык маянаны чечүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында санарип теле берүүсүн ондоо, ремонт иштерин жүргүзүү жумуштары атайын адистин жоктугуна байланыштуу жумуштар убагында бүтпөй жаткандыктан, жер адис И.Смановго кошумча милдет катары жүктөө менен, айлык маянасын чечип берүү зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин билдирүүсун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Санарип теле берүүсүн оңдоо, ремонт иштерин жүргүзүү зарылчылыгына байланыштуу жер адис И.Смановга кошумча милдет катары жүктөө менен, айлык маянасы 5 00 (беш мин) өлчөмүндө белгиленсин. .
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |