Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 7
Кызыл-Токой айылынын тургуну Д.Нарматовдун Нарын облусунун Кочкор районунда өтүүчү турнирге барып келүүсү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну Нарматов Дөөлөттүн Нарын облусунун Кочкор районунда өтүүчү турнирге барып келүүгө акча каражатынан жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Токой айылынын тургуну Нарматов Дөөлөттүн Нарын облусунун Кочкор районунда өтүүчү турнирге барып катышып келүүсү үчүн 10 000 ( он мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |