Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 8
Терек-Сай айыл аймагынын башкаруу кызматына кондиционер алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башкаруу кызматы үчүн эки даана кондиционер алып берүү зарылчылыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин билдирүүсун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын башкаруу кызматы үчүн эки даана кондиционер алуу үчүн 50 000 ( элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |