Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 9
“Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кудук казып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Келечек” м.ч.б.б.мекемесине суу булганган мезгилдерде таза суу маселеси көйгөйлүү болуп жаткандыктан, кудук казып берүү жөнүндөгү “Келечек” м.ч.б.б.мекемесинин жетекчиси Ч.Аликееванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Келечек” м.ч.б.б.мекемесине кудук каздырып берүү үчүн 40 000 (кырк мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |