Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 10
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү жана мектепке чийинки билим берүү мекемелерине дезинфекция жана деротизация жүргүзүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү ( Терек-Сай, А.Чымканаев атындагы №18 , Б.Камчыбеков атындагы) жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине (“Ай-Нуру”, “Келечек”, “Бүчүр”) дезинфекция жана деротизация жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө КЭБ башчы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү ( Терек-Сай, А.Чымканаев атындагы №18 , Б.Камчыбеков атындагы) жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине (“Ай-Нуру”, “Келечек”, “Бүчүр”) дезинфекция жана деротизация жүргүзүү үчүн 140 000 ( бир жүз кырк мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |