Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 12
Мекеме , уюмдардын электр жабдууларын жана электр чубалгыларын лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүүгө акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мекеме, уюмдардын (жалпы орто билим берүүчү мектептердин, бала бакчалардын, маданият үйлөрүнүн, спорт залдарынын, айыл өкмөтүнүн имаратынын электр жабдууларын жана электр чубалгыларын лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү зарылдыгы жөнүндөгү КЭБ башчысы Т.Суванованын билдирүүсун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мекеме, уюмдардын электр чубалгыларын жана электр чубалгыларын лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү үчүн 78 421( жетимиш эки мин төрт жүз жыйырма бир мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |