Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 13
Кызыл-Токой айылына караштуу Ак-Турпак жерине кичи футбол талаасын куруу үчүн жер бөлдүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы Ак-Турпак жерине кичи футбол талаасын курууга жер бөлүп берүү жөнүндөгү Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы Д.Нарматовдун билдирүүүсу угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Токой айылына кичи футбол талаасын куруу үчүн Ак-Турпак жеринен 100 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адисис И.Смановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |