Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-сентябры № 1
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептерге дене тарбия сабагында жетишпеген спорттук инвентарларды алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептердин директорлорунун дене тарбия сабагынан жетишпеген спорттук инвентарларды 2019-20-окуу жылы үчүн алып берүү жөнүндөгү кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Сай, А.Чымканаев жана Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептерге 2019-20-окуу жылдары үчүн дене тарбия сабагынан жетишпеген инвентарларды алып берүү үчүн 150 000(бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |