Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-сентябры № 2
Жыйымдарды топтоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын салык төлөмдөрүн жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймактагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө жыйымдарды топтоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин..
2. Түзүлгөн келишимге ылайык мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ажакматов И. К. |