Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-сентябры № 3
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Мырзалиев көчөсүнүн тургуну Омуралиева Гулбайрага Оштогу онкологиялык ооруканага көрүнүүгө, Центральная көчөсүнүн тургуну Наралиева Жазгүлгө онкологиялык оорусуна байланыштуу дарыланууга, Ынтымак көчөсүнүн тургуну Рахат Алимбековага уулунун ден соолугуна байланыштуу операцияга алып барууга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Мырзалиев көчөсүнүн тургуну Омуралиева Гулбайрага Оштогу онкологиялык ооруканага көрүнүүгө 50 000(элүү миң) сом, Центральная көчөсүнүн тургуну Наралиева Жазгүлгө онкологиялык оорусуна байланыштуу дарыланууга 40 000(кырк мин) сом, Ынтымак көчөсүнүн тургуну Рахат Алимбековага уулунун ден соолугуна байланыштуу операцияга алып барууга 10 000 (он миң) сом акча каражаттары ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу дарылануу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |