Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-сентябры № 1
“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКна жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан “Тереккан”, “Ашуу”, “Терек” кендерин иштетүү үчүн Доре эритмесин чыгаруучу жаны заманбап, дүйнөлүк стандарттарга ылайык алтын ылгоочу фабриканы (АЫФ/ЗИФ) калдык сактоочу жайы (хвостохранилише) менен жана инфраструктура обьектилерин куруу, бош тоо тектерин жайгаштыруууга жер бөлүп берүү жөнүндө
“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун мүдүрү Махир Тезджандын кайрылуусунун негизинде , жаны, үлгүдөгү ЗИФ, калдык сактоочу жайы менен (хвостохранилище) жана инфраструктура обьектилерин куруу, бош тоо тектерин жайгаштыруу үчүн жер аянтынын зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, жана ага ылайык суралган жер тилкесинин координаттарын жана өлчөмдөрүн тактап, ошондой эле 20.01. 2036-жылга чейинки мөөнөткө 20.01.2016 жылы “Тереккан”, “Ашуу”, жана “Терек” кендерин иштеүү максатында берилген № 4520АЕ Лицензияга ылайык, жана Жер Кодексинин 28-беренесинин негизинде, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 ”Эти Бакыр Терексай ” ЖЧКна “Тереккан”, “Ашуу” жана “Терек” кендерин иштетүү максатында жаны технология менен жабдылган, заманбап үлгүдөгү ЗИФ калдык сактоочу жайы (хвостохранилищеси) менен жана инфраструктуралык обьектилерин курууга, жана бош тоо-тектеринин отвалын жайгаштыруу үчүн Терек-Сай айыл аймагына караштуу Арчасуу (Курук-Сай) сайынан 135,4 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга укук берилсин.
2. 20.01.2016-жылдагы №4520 АЕ Лицензиясынын негизинде берилип жаткан 135,4 га жер аянты “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКна 20.01.2036-жылга чейин убактылуу пайдалануу укугу берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана колдон чыгарылган пайданын суммасын төлөө жагы “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКна милдеттендирилсин.
4. Берилген жер аянтына тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылышты коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |