Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-сентябры № 2
“ Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан “Тереккан”, “Ашуу” жана “Терек” кендеринен чыккан кен корун жаны курула турган Доре эритмесин чыгаруучу алтын ылгалоочу фабрикада (АЫФ/ЗИФ) иштетүү үчүн, аты аталган кендерден жаны алтын ылгоочу фабрикасына кен ташуучу, чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана кен иштетүүдө колдонулуучу иш аянтчалары үчүн Технологиялык байланыш жолдорун курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун мүдүрү Махир Тезджандын кайрылуусунун негизинде жаны, заманбап үлгүдөгү ЗИФ, калдык сактоочу жайы менен (хвостохранилище) жана инфраструктура обьектилери менен “Тереккан”, “Ашуу” жана “Терек” кендерин бириктирүүчү, кен ташуучу, чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жана кендердин иш аянтчаларын туташтырган технологиялык жолдорду куруу үчүн суралган жер тилкесинин координаттарын жана өлчөмдөрүн тактап, ошондой эле 20.01. 2036 жылга чейинки мөөнөткө 20.01.2016 жылы “Тереккан”, “Ашуу” жана “Терек” кендерин иштетүү максатында берилген № 4520АЕ Лицензияга ылайык, жана Жер Кодексинин 28-беренесинин негизинде,Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын ХVII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Эти Бакыр Терексай” ЖЧКна жаны технологиялар менен жабдылган, заманбап үлгүдөгү алтын ылгоочу фабрикасына кен ташууга, лицензиялык аянтында чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле иш жүргүзүү аянттары менен байланышканга, Терек-Сай айыл аймагына тиешелүү жер аянттарынан суралган координаттык чекиттерине ылайык 53,7 га, анын ичинде лицензиялык аянтында 43,4 га жер жана лицензия аянтынан тышкары 18,3 га жер аянттары Технологиялык жолдорун курууга убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. 20.01.2016-жылдагы № 4520 АЕ Лицензиясынын негизинде берилип жеткан 53,7 га жер тилкеси “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКна 20.01.2036-жылга чейин убактылуу пайдаланууга жана техникалык долбоорунда көрсөтүлгөн техникалык жолдорун курууга укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана колдон чыгарылган пайданын суммасын төлөө жагы “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКна милдеттендирилсин.
4. Берилген жер аянтына тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылышты коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |