Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-сентябры № 3
“Терек-Сай Тазалык” МИ таштандыларды чыгаруу кызматы үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүндө тазалыкты сактоо максатында таштандыларды чыгаруу үчүн “Терек-Сай Тазалык” МИна акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Терек-Сай Тазалык” МИна таштандыларды чыгаруу үчүн жасаган кызматына 75 000 ( жетимиш беш мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |